Жикчилдер барымтадагы 57 украин аскерин бошотту

Бул туурасунда украин президенти Петро Порошенко билдирди. Ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына барымтадагы 21 аскер 11-сентябрдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, калган 36сы бүгүн бошотулганын жазган. Жикчилдердин штабы РИА-Новости агенттигине украин аскерлери менен 36 козголоңчу алмашылганын билдирген. Алмашуу бүгүн таңда Константиновка аймагында болду.

Барымтадагыларды алмашуу тууралуу макулдашууга тараптар 5-сентябрда Минскте өткөн сүйлөшүүдө жетишкен. (КЕ)