Швейцариядагы кыргыздар
Кыргызстандын, Швейцариянын жана Криенс шаарынын туулары.
Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрүн журналист Кайрат Биримкулов жергиликтүү бийликтин жана коомдук уюмдардын жардамы менен уюштурду. Биримкулов 2007-жылдан бери Швейцариянын Криенс шаарында жашайт.
Солдон оңго: Асылбек Насирдинов - кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарында ойногон белгилүү жаш аткаруучу, Ганс Петер Пляйш - "Кыргызстанга көпүрө" уюмунун тең төрагасы, Гүлнара Искакова - Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Кайрат Биримкулов -"Кыргызстанга көпүрө" уюмунун тең төрагасы.
Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрүнүн ачылышына элчи Гүлнара Искакова катышып, эки өлкө ортосундагы кызматташтык, пландар тууралуу айтып берди.
Иш-чара алкагында Кыргызстандагы азыркы абал, тышкы саясат, инвестициялык климат тууралуу талкуу өттү. Ага орусиялык жана жергиликтүү журналисттер катышты.
Жамила. Бул 7 айлык наристенин аты Жамила-Сальма. Ата-энеси турист катары Кыргызстанга көп каттаган швейцариялыктар экен. Чыңгыз Айтматовдун "Жамиласынан" таасирленип кызына ушундай ат беришкен.
Швейцариядагы кыргыздардын жолугушуусунда ошол жакта жашаган казак туугандар да конок болуп кетишти.
Иш-чаранын уюштуруучулары Криенс шаарындагы мектептердин биринин короосуна боз үй тигип, швейцариялыктарга кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүштү. Айнагүл Мамырбаева, Мээрим Кубатова жана кичинекей катышуучулар.
Базель шаарында көз доктур болуп иштеген Асан Кочкоров жубайы жана кызы менен.
Расмий маалымат боюнча, Швейцарияда 100гө жакын кыргызстандык жашайт. Алардын көбү - жергиликтүүлөргө күйөөгө чыккан кыргыз кыздар.
Швейцарияда жашаган кыргыздардын саны 100дүн тегерегинде. Көбү - жергиликтүүлөргө күйөөгө чыккан кыргыз кыздар.
Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарында ойногон белгилүү жаш аткаруучу Асылбек Насирдинов.
Кыргыздын улуттук аспаптарында ойногон Асылбек Насирдинов менен швейцариялык койчулардын жыгач сурнайын тарткан Тобиас Бөртчинин дуэти.
Петер жана Терри Блюмдун үй-бүлөсү Швейцариянын Люцерн шаарында жашаган кыргыздардын жакын достору.
Кыргыз кол өнөрчүлүгүнө суктангандар.
Кыргыз шырдагы.
Кочкордо жасалган бул шырдактар Швейцарияда ар бири 3-4 миң доллардан сатылууда.
Au pair программасы боюнча Швейцарияда иштеп жүргөн кыргыз кыздар Перизат, Акылай жана Зейнеп.
Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү.
Люцерндеги Криенс шаарчасы.