Баткенде сугат сууга санариптик көзөмөл орнотулду

Баткен облусунун аймагында суу пайдалануучулар бирикмелерин өнүктүрүү максатында 6 чарбалар аралык, 4 ички чарбалык суу бөлүштүрүүчү түйүндөрдө автоматташтырылган көзөмөл орнотулду.

Бул тууралуу Баткен райондук суу чарба башкармалыгынан “Азаттыка” билдиришти.

Адистердин айтымында, мындай аракет суу пайдалануучулар менен суу бөлүштүрүүчүлөр ортосунда талаш-тартыштарды кыскартып, сууну ыксыз коромжулоодон сактайт. Ошол эле учурда суу эсеби так болуп, төлөмдөрдү жүргүзүүдө да ишти жеңилдетмекчи.

Облус боюнча 32 суу пайдалануучулар бирикмесинде 31 миң колдонуучу бар. (JsA)