Абдуллах Гүл “Данакер” ордени менен сыйланды

Экс-президент Абдуллах Гүл

Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүлдү “Данакер” ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай сыйлык Гүлгө кыргыз-түрк кызматташтыгына кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Буйрукка кол койгон президент эки өлкө ортосундагы мамиле Гүл Түркиянын президенти болуп турган учурда ар тараптан бекемделип, стратегиялык мааниси артканын белгиледи.

2011-жылы ал кездеги Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоганга да “Данакер” ордени ыйгарылган. (SE)