Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Армения менен Азербайжан ортосундагы талашка себеп болуп келаткан Тоолуу Карабак маселеси жаатында Анкара Бакуну колдоорун уланта берерин билдирди.
Эрдоган 3-сентябрь күнү Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Бакуда сүйлөшкөн соң, “Азербайжан менен Армения ортосундагы чатактын чечилиши – Түркия менен Армения ортосунда түшүнбөстүктөрдү да жокко чыгарат”,- деп белгиледи.
Калк жагынан армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин ажырап кеткен. Ошондон бери бул аймактын саясий келечеги боюнча армяндар менен азербайжандар эки башка көз карашты карманып келишет. Аймакта куралдуу кагылышуулар улам-улам кайталанып келет.