Президент Алмазбек Атамбаев Жал кичирайонунда курулган эки 9 кабаттуу үйдүн ачылыш аземине катышып, аскер адамдарына батирлердин ачкычын тапшырды.
Көп кабаттуу турак үйлөр Кытай өкмөтүнүн каражатына курулган. Курулуш эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин аскердик-техникалык кызматташтыгынын алкагында 2012-жылы башталган.
Бүгүн президенттин колунан 108 аскер адамы жаңы бүткөн үйдүн ачкычтарын алышты.(UEz)