La Repubblica Путиндин "кааласам Киевди эки жумада басып алам" деген сөзүн басты

Президент Путин Евробиримдикке эгер тийиштүү буйрук берилсе, орусиялык аскерлер Киевди эки жумада алып койот деп эскертти. Италиянын La Repubblica гезити 1-сентябрдагы санында Путиндин Еврокомиссиянын кызматтан кетип жаткан төрагасы Жозе Мануэл Баррозуга: “Эгер мен кааласам, Киевди эки аптада ала алам,” - деп айткан сөзүн басты.

Гезиттин жазышынча, Баррозу бул сөздү Путин ага телефондон баарлашып жатканда айтканын Биримдиктин лидерлерине 30-августтагы саммитте билдирген. Орус медиасынын маалымдашынча, 2-сентябрда орус президентинин тышкы саясат боюнча жарадамчысы Юрий Ушаков Путиндин сөзү “контексттен үзүп алынган жана мааниси такыр башка болчу” деп түшүндүрмө берди.

Италиялык гезиттин жазышынча, Путин берегидей сөздү Москванын Украин кризисиндеги ролуна байланыштуу Евробиримдик санкцияны дагы күчөтүшү ыктымал экенин укканда айткан. Расмий Киев жана Батыш өкмөттөрүнүн айтышынча, Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди курал-жарак менен камсыздап, аймакка аскер жиберген. Москва мындай айыптоолорду четке каккан.