Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Чүй районунун Маданият айылындагы 150 орундуу жаңы мектептин кызыл тасмасын кесет. Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган айыл тургундары 2011-жылы Атамбаев өкмөт башчы болуп турган кезде кыштактагы мектебин жаңылап берүүнү өтүнүп, кайрылган.
Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагындагы мектептердин 147си авариялык абалда. (SE)