Давутоглу Түркиянын жаңы өкмөтүн түздү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу 29-августта Түркиянын жаңы өкмөтүнүн курамын жарыялады.

Жаңы министрлер кабинетинин мурдагыдан айырмасы жок. Вице-премьер Али Бабажан мурдагыдай эле экономиканы жетектейт; финансы министри Мехмет Симсек, экономика министри Нихат Зейбекчи жана энергетика министри Танер Йилдиз өз ордуларында калды.

Евробиримдиктин иштери боюнча министр Мевлют Чавушоглуга тышкы иштер министринин портфели тийди. Түркиянын 62чи өкмөтүндө эки жаңы вице-премьер: Нуман Куртулмуш жана Ялчин Акдоган. Эрдоган биринчи жалпы элдик шайлоодо президент болуп шайланып, 28-августта ант берип жаңы кызматына киришти. Анын ордун башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын мүчөсү, тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу ээледи. Эрдоган Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин бийлигин күчтөндүрүү ниетин мурдатан айтып келет.