Жазуучулар союзу китеп жармаңкесин уюштурду

Эгемендикдиктин 23 жылдыгына карата Жазуучулар союзу бүгүн Бишкек шаарында китеп жармаңкесин уюштурду. Жүздөн ашуун адабий китептер сунушталган иш-чара Улуттук жазуучулар бирлигинин имаратынын алдында өтүп жатат. Келгендер арасында балдарга арналган китептерге кызыккандар көп экенин кабарчыбыз маалымдады.

Негизинен кыргыз жазуучу-акындарынын китептери коюлган жармаңкеге жазуучулар өздөрү да катышууда. Окурмандар менен адабият өкүлдөрүнүн жолугушуулары да уюштурулган. (ZA)