АКШнын элчиси Кыргызстандын вице-премьер-министри менен жолугушту

28-августта вице-премьер-министр Валерий Диль АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айымды кабыл алды. Анда Кыргызстандын CASA-1000 энергетикалык долбооруна катышуусу жана кышка даярдык маселеси көтөрүлгөн. Элчи айым Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселеге кызыккан. Вице-премьер-министр Валерий Диль Бажы биримдиги биринчи кезекте экономикалык долбоор экенин, базары чектелүү Кыргызстан үчүн ири базар зарыл болуп турганын белгилеген. (AiT)