АКШ президенти: Украинадагы согушка Орусия жоопкерчиликтүү

Президент Барак Обама Украинадагы жикчил күчтөр Орусиядан каржыланып, даярдыктан өткөрүлүп, курал менен камсыздалып жатат деп 28-августта билдирди. Обама Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузду деп, буга жооп катары АКШ жана башка мамлекеттер Москвага каршы санкцияларды күчөтөт деди. Орусия бүгүнкү күнү “кансыз согуш” токтогондон бери мынчалык изоляцияда калган эмес деген Обама, бирок Украина маселесин чечүү үчүн аскер колдонбойбуз деди:

- Биз украин маселесин чечүү үчүн аскердик аракетке барбайбыз. Биз Орусияга басым жасаш үчүн эл аралык коомчулукту даярдап жатабыз.

Барак Обаманын айтымында, ал келерки жумада Европада НАТОдогу өнөктөштөрү менен жолугушуп, кандай чечим кабыл алууну талкуулайт. Ал эми келерки айда президент Петр Порошенкону Вашингтондо кабыл алат. (AiT)