Биометрикалык маалымат кантип топтолот?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Эртең 28-августта парламенттеги беш фракциянын башчылары жана беш вице-спикер биометрикалык маалымат тапшырат. Анын артынан эле өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэр, вице-мэрлери жана облустардагы өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтары алынат. Ал эми өлкө боюнча жарандардын маалыматтарын чогултуу сентябрь айында башталмакчы. (Эрнист Кубатов)