Биометрикалык маалыматтарды алгач парламенттегилер тапшырат

28-августта парламенттеги беш фракциянын башчылары жана беш вице-спикер биометрикалык маалымат тапшырат. Анын артынан эле өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Соттун, Конституциялык палатанын судьялары, башкы прокурор, Бишкек жана Ош шаарларынын мэр, вице-мэрлери жана облустардагы өкмөттүн өкүлдөрүнүн маалыматтары алынат.

Жарандардын маалыматтарын чогултуу сентябрда башталат. Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө журналисттерге биометрикалык маалыматтарды топтоочу жабдуулар көрсөтүлгөн учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Элдияр Убалиев билдирди.

Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Өнөктүк келерки жылдын августуна чейин уланат.

Биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган. (SE\MiT)