Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өтөт

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Тажик делегациясын вице-премьер-министр Муродали Алимардон жетектейт. Эки күнгө созулган сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоону активдештирүү, Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолун жана Лейлек районунда көпүрөө куруу маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясынын башчысы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасынын 54% делимитацияланган. Калган 46% боюнча кыргыз тарап өзүнүн сунушун жана картасын өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына алып чыгат. (AiT)