Бүтөр-бүтпөсү арсар ат майдан

Чолпон-Атадагы көчмөндөр оюну өтчү ат майдандын курулушу дале бүтө элек. Аталган ат оюндары 9-сентябрда башталат. 

800 көрүүчү араң баткан ат майданды "Көчмөндөр оюнуна" карата 7 миң кишилик кылып кеңейтүү иши шашылыш жүрүп жаткандыктан куруучулар жаан-чачынга карабай 2-3 нөөмөттө иштеп жатат. 

Эл аралык ат оюндарынын башталышына саналуу күн калганына карабай ат майдандын астанасында эч кандай өзгөрүү боло элек.

Ат майданды кайра куруу ишинде 130дан ашык курулушчу иштеп жатат.

Аталган ат майданга 2012-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбектин ысымы ыйгарылган. "Ата Мекен" фракциясынын демилгеси менен Асанбек Көлбаевдин аты алынып салынды.

Саяпкерлер ат оюндарына азыртан даярдык көрүшүүдө.

Көк бөрү оюну үчүн кайрадан салынган тай казан.

7 миң киши сыйчу секи темир түзүлүштөрдүн жардамы менен курулат. Учурда ширетүүчүлөр аларды бириктирүүдө.

Куруучулар өлкөнүн булуң-бурчунан келгендиктен ат майданга тигилген чатырларда жатып иштөөдө. 

Курулушта иштегендерге 3 ашпозчу тамак-ашын жеринде белендейт.

План боюнча бул жер автоунаа токтотуучу жай болот.

Эмгек акыга нааразы болгондор да жок эмес. Маселен, Токмоктон барган 20 жумушчу 1 метр куб жерге кум-таш толтуруу үчүн 250 сомдон сүйлөшүп, аягында 150 сомдон араң алышкан. 

Учурда жерге куюлган бетондорго темир конструкциялар орнотулуп жатат.