Бишкекте Майдандагы окуяларды баяндаган тасма көрсөтүлөт

25-августта Бишкектеги Кино үйүндө Киевде Майдан аянтындагы нааразылык акция чагылдырган “ 20. Майдандагы каршылыкты өзгөрткөн күндүн 20 далили” аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Режисссер Михаил Спасов тарткан тасма Киевдеги 20-февралдагы окуяларга арналган. Дал ушул күнү Майданда бийликке каршы чыккан жарандарга каршы ок атылып, Украинадагы өзгөрүүлөрдүн башталышы катары сыпатталган. Тасма көрсөтүлгөн соң Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу көрөрмандар арасында талкуу өтмөкчү.(BkA)