Алты айда Баткенде 28 чек ара жаңжалы катталды

Бул тууралуу Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүнөн кабарлашты. Жаңжалдын басымдуу бөлүгү кыргыз-тажик чек арасында чыккан. Буга себеп коңшу өлкөлөр менен чек ара тилкелеринин толук такталбаганы жана аткезчилик болууда. Учурда чек ара аймактарындагы калктын коопсуздугун сактоо үчүн күч органдарына биргелешкен аракет көрүү тапшырмасы берилди.(JsA)