Өткөн жылы Бостондо болгон жардырууга шектелген ага-ини Царнаевдердин таанышы, казакстандык жаран Диас Кадырбаев далилдерди жок кылгандыгын моюнуна алууга даяр. Бул тууралуу анын адвокаты Роберт Стал билдирди.
АКШ прокуратурасы Диас Кадырбаевди жана дагы бир казакстандык Азамат Тажаяковду кандуу окуядан кийин Жохар Царнаевдин жатаканадагы бөлмөсүнөн жардыруучу заттар салынган асынма баштыкты алып чыгып, таштандыга ыргыткан, аны менен тергөөгө тоскоолдук кылган деп айыптап келет.
Өткөн айда 12 арачылар катышкан сот процесси Азамат Тажаяковду кылмышты иликтөөгө тоскоолдук жасаган, далилдерди жок кылган деген негизде күнөөлүү деп тапты. Эгер бул чечимди федералдык сот колдосо, анда Тажаяков 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Быйыл жазда тергөөчүлөр 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матановду да Царнаевдердин иши боюнча ФБРге жалган көрсөтмө берген, далилдерди жоготкон деген кине менен камакка алган.
2013-жылы Бостон шаарында марафон маалында болгон жардырууда үч киши набыт болуп, ондогон кишилер жараат алган.