Бишкекте транспорттук көйгөйлөр боюнча жумушчу топ түзүлдү

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Калаа башчынын айтымында, эл ташыган ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анын жүрүшүндө айдоочулар шаардагы жол акысын көбөйтүү маселесин козгоду. Мэрдин сунушу менен бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Аталган топ жол кирени канча сомго көтөрүү, эл ташыган кичи автобустардагы шартты оңдоо боюнча талаптарды иштеп чыгат. Андан соң Шаардык кеңешке өз сунушун жолдойт.

Мэр Кулматовдун айтымында, учурдагы жол кире акысы актабайт деген айдоочулардын талабында да жүйө бар. Мындан улам аны калкка кыйынчылык туудурбагандай көтөрүү боюнча шаардык кеңеште маселе талкууланмакчы.

Буга чейин маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15-20 сомго көтөрүү талабы менен 27-28-июлда жапырт иш таштаган. Учурда Бишкекте жол киренин өлчөмү 10 сом, кечки саат 9дан кийин 12 сомду түзөт.(BkA)