Жапаровду үй камакка чыгаруу өтүнүчү келтирилди

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго козголгон кылмыш иш боюнча сот жараяны башталды. Анда айыпталуучунун адвокаты Жапаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Адвокаттын жүйөсүндө Жапаровдун гипертониялык оорусу бар жана ал камакта жатканда саламаттыгы начарлашы мүмкүн. Бирок бул өтүнүчтү судья Абдразак Боронбаев кийинки отурумда карамай болду.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жапаров учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. (BkA)