Чолпон-Ата: ат майданды оңдоо үчүн жумушчулар үч кезмекке өтөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” ат майдандагы курулуш иштери боюнча прораб Аскар Асакеев билдирди. Анын айтымында, ат майданды сентябрь айында башталчу “Көчмөндөр оюнуна” чейин оңдоо үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Учурда 130дай адам эки кезмек менен иштеп жатат, жакынкы күндөрдө үч кезмекке өтмөкчү.

Бирок “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев менен сүйлөшкөн айрым курулушчулар иш абдан жай жүрүп жатканын, аны өз мөөнөтүндө бүтүрүү кыйын болорун эскертишти.

"Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. Анын ичинде Чолпон-Атадагы 800 кишилик ат майданды “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 кишилик кылып кеңейтүү каралган.(BkA/UEz)