Украина Орусия тараптан келген гумжардамды кабыл алат

Украинанын cоциалдык саясат боюнча министри Людмила Денисова Орусиядагы эл аралык Кызыл Чырым уюмунун гуманитардык жардамын кабыл алуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу УНИАН агенттиги маалымдады.

Кызыл Чырым уюмунун Орусия, Беларус жана Молдовадагы өкүлчүлүгү министрликке 16-август күнү атайын кат жолдогон. Катта жазылгандай, гумжардамга Чыгыш Украинанын төрт айдан берки согушта жабыркаган эли муктаж болуп турат. Жүк Донецктеги чек ара пунктунан Украинага өткөрүлөт.

15-августта 280 автомобилге жүктөлгөн гумжардамды текшерүү үчүн Украинадан ондогон чек арачылар жана бажы инспекторлору Орусия жакка өтүшкөн. Жүктүн жалпы салмагы 1856 тонна.

Орусиячыл жикчилдер менен төрт айдан бери жүрүп жаткан урушта Чыгыш Украинада 2 миңден ашуун адам өлүп, 250 миңден көбү баш калка издеп, башка аймактарга кетти. (SE)