Түнкү Бишкектин кайнаган турмушу

Башкалаанын түштүгүндөгү өзөк жол. Түнкүсүн кыймыл аз болгондуктан шаардыктар бул жолдо шайтан араба менен же жөө сейилдешет. Арасында темир тулпарын алкынтып, достору менен жарышкандар да жок эмес. 

Соода менен үй-бүлө баккан соодагерлер түн бир оокумга чейин иштешет. Түнкүсүн кардарлардын басымдуусун жаштар түзөт.

"Ала-Тоо" аянтындагы элдик караоке. Бул жер күндүз сүрөт галереясы болгону менен түнкүсүн аянтты жаңырта обон созгондордун ордосуна айланат. Ары-бери өткөн киши бекер концерттин күбөсү болот. Арасында жашы да, карысы да бар. Бул караоке акысынын арзандыгы жана кыргызча ырлардын басымдуулугу менен шаардыктарды өзүнө тартат. 

Бишкекте акыркы убакта шайтан араба жана бутка байлаган чыгырыктарды ижарага бергендер арбыды. Буту-колун чойгусу келгендер ушул жерге топтолот.

Туунун же Манастын айкелинин алды дагы деле жаштардын жолугушчу жерине айланып келет. Бул жердегилер оргума суунун жанынан маектешип, эстеликке сүрөткө түшөт. Эс алуу, сейилдөө дегенде "Ала-Тоо" аянтынан башка жер эске келбегендер четтен чыгат. Өзгөчө айыл-ападан жаңы келгендер маал-маалы менен аянтта чогулушат.

Эс алуучуларга керектүү буюмдарды саткандардын соодасы түн киргенде кызыйт. 

Бишкектин борбордук аянтына чогулгандарды бир тарабынан "Манастын" экинчи тарабынан Чыңгыз Айтматовдун эстелиги карап турат. Мына ушул эки айкелдин жанында сүрөткө түшпөгөн кыргызстандыктар саналуу болсо керек.

Күндүз саясаттын чордону болгон Ак үйдө түнкүсүн кароолчулар гана калат. Түн жарымга чейин терезеси күйүп турган иш бөлмөнү издеген адам биртоп убара тартат. 

Бишкекти үстүнөн караган кишиге жылуулук борборунун быкшыган түтүндүү мору дароо көзгө урунат. Бирок биринен сала бири курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр да көргөн көздү кубантпай койбойт.

Электр энергиясы үнөмдөлүшү керектиги айтылып жатканы менен Бишкектин борбордук бөлүгүндө түнү менен жарыктары күйүп турат. Бирок жаңы конуштардын көчөлөрү көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкка чулганган.

Бишкектин түнкү жашоосунун бир бөлүгү интернет-клубдарда, букмекердик кеңселерде өтөт. Оюн автоматтарын минип алгандардын арасында мектеп курагындагы өспүрүмдөр аз эмес. Түнкүсүн арзан болгондуктанбы, айтор айрым интернет-клубдардан бош орун табуу кыйынга турат.

Бул Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым борбору. Бул жерден көбүнчө таксичилер тамактанышат. Түнкүсүн транспорттун башка түру жүрбөгөндүктөн таксисттер таң аткыча эл кызматында. Караңгыда иши жүрүшкөн айдоочулар шаардагы түн жамынган окуяларга ортоктош болушат.

"Тазалыктын" иши түн ортосунда эле башталат. Тазалыкчылар ишин эл турганча бүтүргөнгө аракет кылышат.

Кафе-ресторандардын айрымдары түн бир оокумга чейин ишин улантат. Соңку убактарда 24 саат иштегендери да арбып барат.

Айрымдар түнкү Бишкек дегенде дароо денесин саткан кыз-келиндерди элестетиши мүмкүн. Анткени цирктин айланасы сыяктуу жерлерде сойкулук менен шугулдангандардын соодасы кызыйт. Мындай жерлердеги караандардын көптүгүнөн түнкү көпөлөктөрдүн да, аларга ууга чыккандардын да саны көп экенин байкоого болот.