Кулчулуктан куткарылган 11 жаран Кыргызстанга келди

Орусиянын Тула облусунда 3 ай бою эмгек кулчулугунда жүргөн 11 кыргыз жараны бүгүн таңда Бишкек аркылуу Ошко учуп келишти. Бул тууралуу кулчулуктан бошотулган жарандардын бири Мунара Жээналиева “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында Тула облусундагы азербайжан ишкерлеринин колунда жалпысынан 18 кыргызстандык болгон. Алардын алтоо бир үй-бүлөдөн болгондуктан шарт канааттандырат деп ошол жерде калышкан.

- Бизди швабра менен уруп-согуп иштетишти. Талаада картөшкө, капуста бактык. Алардын таягынан менин бир айлык балам боюман түштү. Дарыланууга жардам беришкен жок. Бир да тыйын албай, оор күндөрдү өткөрдүк, - деди Жээналиева.

Зордук-зомбулукка кабылган 12 кыргызстандык эмгек мигранттары эл аралык миграция уюмунун жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жардамы менен 12-августта бошотулган. Алардын ичинен бир жаран Москвада туугандарыныкында калган. Учурда бул факт боюнча Орусиянын тиешелүү органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (UEz)