Президент Обама: Синжарда коргологондордун абалы жакшырды

АКШ президентинин айтымында, Кошмо Штаттар “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” уюшулмасынын жоочуларына абадан сокку ургандан кийин Синжар тоосунда коргологон езиддердин абалы жеңилдеди. Кошмо Штаттар бул чөлкөмгө көп эмес сандагы аскерлерин да жиберген эле. Президент Барак Обама Кошмо Штаттар Иракта жоочуларга каршы абадан сокку уруу уланарын 14-августта билдирди:

- Биз Ирактагы өзүбүздүн обьекттерди жана адамдарыбызды коргоо үчүн абадан соккуларды улантабыз. “Ислам мамлекетинин” жоочуларына каршы күрөшүп жаткан ирактыктарга жана күрттөргө аскердик жардамды көбөйттүк. Мүмкүн эң башкысы, биз ирактыктарды аль-Абади башында турган өкмөттүн айланасында баш кошуп, жоочуларды артка кетирүүгө чакырабыз.

Бул арада Германия өкмөтү Түндүк Иракка гуманитардык жардам жөнөтөрүн жарыялады. (AiT)