Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү

Учурда аны орус тарап изилдеп жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Техника-экономикалык негиздемеге ылайык Камбар-Ата-1ди куруу үчүн 3 млрд. доллардын тегерегинде каражат керек. ГЭСтин кубаттуулугу 1860 мегаватт болот. Бул Токтогул ГЭСинен кубаттуу. Белгилүү болгондой Токтогулдун кубаттуулугу 1200 мегаватт. Камбар-Ата-1 ГЭСинин чөйчөгүндө 6 млрд. куб метр суу топтолот. (AiT)