Молдалиев: Ноокендеги окуяга диний аалымдар үн катышы керек

Жалал-Абаддын Ноокен районунда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө 500дөн ашык адам катышып, алар бир ооздон "Аллоху акбар" деген кыйкырыктын коштоосунда маркумду мүрзөгө алып келишкени көрсөтүлгөн видеотасма интернет барактарына кеңири жайылды.

- Бул окуя Ханафи мазхабына, кыргыздын үрп-адаттарына канчалык туура келет, буга Жалал-Абаддагы диний аалымдары өз баасын берип, коомчулукта түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл, -деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев.

Молдалиевдин “Азаттыкка” айтымында, соңку кездери Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун ишмердиги жандангандыктан буга идеологиялык күчтүү күрөш керек. Буга байланыштуу сентябрь айында бүт өлкө боюнча дин ишмерлери үчүн атайын аттестация уюштурулат.

Ноокен районундагы “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн акыркы сапарга узатуудагы жагдайларды Улуттук коопсуздук кызматы да териштирерин билдирүүдө. Милициянын маалыматында жерге берилген Кадыралы Кулмырзаев аттуу ноокендик жаран аталган уюмдун мүчөсү катары 6 жылга соттолуп, Бишкектеги түрмөдө каза болгон. (JAk)