Жергиликтүү ындыкара өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу АКШнын борбордук бөлүгүндөгү Миссури штатынын Фергюсон шаарчасында нааразылык акциялары төрт күндөн бери өтүп жатат.

Бул шаарчанын калкынын үчтөн эки бөлүгүн афро-америкалыктар түзөт.

Кыжырланган демонстранттарды таратуу үчүн кечээ полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Нааразылык акциялары башталгандан бери 40тай киши камакка алынды.

Полициянын ырастоосунда, 18 жаштагы Майкл Браунга ал унаада полицейлер менен кармашып жатканда ок тийген.

Бирок күбөлөр куралсыз жигит полициядан качканда ага бир нече ирет ок атылганын айтууда.

Бийликтер ок чыгарган полицейди иштен четтеткен, бирок коопсуздук жүйөсүнөн улам анын ысымын ачыктоодон баш тартууда.

Президент Обама Фергюсондун калкын тынчтанууга чакырды. (UE)