12-августта Казакстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, чек арачыларга куралдуу каршылык көрсөттү делген эки кыргыз жараны Алматы облусундагы Кара-Сай чек ара бекетинде кармалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-казак чек арасындагы атышуу боюнча эки тараптан тең иликтөө иштери жүрүп жатат.
Казакстандын чек ара кызматынын маалыматына таянсак, 12-августта дары чөп терип жүргөн 3 кыргыз малчысы коңшу өлкөгө мыйзамсыз өтүшүп, чек арачылардын эскертүүсүнө карабай куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.
Атышуудан жабыр тарткандар жок. Окуя Ысык-Көлдүн Григорий капчыгайы тарапта болгон. (UEz)