"Дыйкан" - алып-сатарлар чордону
"Дыйкан" базарына жашылча-жемиштер Кыргызстандын төрт бурчунан ташылып келет. Узак жолдо айрымдары зыянга учурайт. Маселен, жашикке салынган шабдалылар урунуп-беринип отуруп бир бөлүгү сатыкка жарабай калат.
Коон, андалектин баасы август айында арзандайт.
Башка базарлардан айырмаланып "Дыйканда" негедир араба түрткөндөрдүн көбү жашы өтүп калган кишилер. Арасында жашы жете элек өспүрүмдөр да жок эмес.
Жер-жерлердеги жүк ташуучу унаалар менен чогултулган картөшкөнүн баары ушул жерге топтолот.
Дыйкандар жаз, жай айларында иштеген эмгегинин үзүрүн көрүп, алаканы акчага толуп турган учур. Бирок быйылкы кургакчылык түшүмдү 30 пайызга чейин азайткан.
"Дыйканда" бир гана жергиликтүү жемиштер сатылбайт. Кургак жемиштердин айрымдары Иран сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинет.
Сатуучулардын айтымында, ушул тапта соода солгун. Кардар күтүп зарыккан соодагерлер эриккенде гезитти эрмектешет.
Дыйкандардын көбү түшүмдөрүн өздөрү сатышпайт. Алар таң эрте ортомчуларга дүңүнөн пулдашат. Өз эмгегин базарда отуруп саткандар чанда кездешет. Анткени дыйкандар түшүм жыйноого араң жетишет.
Соода үрөң-бараңда башталгандыктан соодагерлер түшкө жуук таттуу уйкуга киришет.
"Дыйкандан" көбүнчө ири базарлардын, дүкөндөрдүн сатуучулары дүңүнөн сатып алып, чекене баада сатышат. Бул базардын арзан экенин билген шаардыктар таң эрте соода кылып кетишет.
Учурда түштүк аймактардын жана Чүйдүн бадыраң, помидору сатылууда. Жергиликтүү жемиштер бышканча булардын ордун Өзбекстандын жемиштери алмаштырат.
"Дыйкан" базарындагы негизги көйгөй - жол маселеси. Жол тар болгондуктан таң эрте бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болот. Сатуучулар бул көйгөйдү кайра-кайра көтөргөнү менен базар жетекчилиги дагы деле көңүл бурбай келет. Айрым шаардыктар базарга кирип-чыгуу түйшүгүнөн качып, дүкөндөрдөн соода кылышат.
Дарбыздан уулангандар көп болгондуктан врачтар маал-маалы менен жемиштердин сапатын текшерип турушат.
Аймактардан жемиш тартып келген унаалар кайра бош кетпеш үчүн базарда кардар күтүшөт.
Таштанды маселеси кардарларды иренжиткен негизги жагдай. Буга сатуучулар өздөрү да нааразы.
Базардын ичинде орун тартыш болгондуктан айрым сатуучулар жер-жемишти жол жээгинде сатышат.