9-августта Тажикстандын аймагында тажик чек арачылары тарабынан колго түшүрүлгөн кыргызстандык эки аңчы жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Алар учурда Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалып турушат. Бул тууралуу күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап эки жаранды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. Учурда Башкы прокуратура Тажикстандын күч органдарына расмий кат даярдап жатат.
Маматалиев кошумчалагандай, окуя чек ара тилкесинде эмес, Тажикстандын аймагында чек арадан 10 чакырым ичкери жерде болгон.
- Азырынча атышуу болгон-болбогону белгисиз. Анткени мындай маалыматты тажик тарап гана таратып жатат. Алар алгач эскертүү үчүн асманга ок чыгарганын айтышты. Бирок биздин мергенчилер чек арачыларга каршы ок чыгарганы белгисиз бойдон калууда. Алар менимче чек арадан адашып өтүп кетишкен, - деди Маматалиев.
Тажикстандын чек ара кызматынын маалыматында, 9-август күнү саат 17:30 чамасында Тажикстандын Тупакүл аймагында тажик чек арачылары менен кыргызстандык 3 мергенчинин ортосунда атышуу болгон. Аңчылар чек араны мыйзамсыз өтүшкөн деген негизде окуя болгон тажик аймагында колго түшүрүлгөн.
Алардын жанынан 8 огу менен мергенчи мылтыгы табылган. Кыргызстандык эки жаран учурда Тажикстандын атайын кызматынын Жерге-Тал районундагы убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. 3 жаран тең Оштун Чоң-Алай районунан.(UEz)