13-августта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 32...37,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34,
Баткен облусунда түнкүсүн 16...20, күндүз 32...37,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19...24, күндүз 34...39,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 29...34,
Бишкек шаары боюнча аба-ырайынын болжолу: 13-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21 градус, күндүз 34...36 градус болот.
14-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. 15-августта көпчүлүк аймактарда жаан-жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.