Баткенде жакынкы күнү жол куруу улантылат

Чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун билдирүүсүнө караганда, 12-августта техникалар Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун куруу улантыла турган жерге чогултулуп, 13-августтан тарта курулуш иштери башталышы белгиленүүдө. 12-августта Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Баткен облус губернаторунун биринчи орун басары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол курулушу улана турган жерге барышат. Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып келаткан. (AiT)