Айып пул көбөйдү, эми кантебиз?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жол эрежесин бузгандарга 8-августтан тарта айып пул 10 эсеге жакын жогорулатылды. Тагыраак айтканда, жол эрежесин бузгандар учурда 100 сомдон 3000 сомго чейин айыппул төлөсө, 4-августтан тарта 500 сомдон 20 миң сомго чейин акчалай жазага тартылат. Мындай мыйзамга президент Атамбаев 4-июлда кол койгон болчу. Айрым эксперттер айыппулдун жогорулашы жол кырсыгын азайтпастыгын, тескерисинче, МАИ тармагындагы коррупцияны гүлдөтөрүн айтышат. Ал эми айдоочулар бул өзгөртүүнү кандай кабыл алышты?