Караколдо “Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги” аттуу төкмө акындардын республикалык айтышы өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата, манасчы Саякбай Каралаевдин 120, Ысык-Көл облусунан чыккан белгилүү манасчылар - Чоюке Өмүр уулунун 150, Кааба Атабековдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгынын урматына уюштурулган.
Айтышка республиканын түрдүү аймактарынан келген ондогон акындар катышып жатат. 8-августта башталган айтып бүгүн жыйынтыкталат. (SE)