Израил Газа тилкесине сокку урууну кайра жандантты

Израил армиясы өзүнүн аймагына атылган ракетага жооп иретинде жума күнү Газа тилкесинин көпчүлүк аймагына сокку урду.

Израил бийликтери үч күндүк гуманитардык тыныгуу соңуна чыгары менен Газа тараптан ракета атылганын, өлкөнүн түштүк аймагын абадагы согуш сигналы каптаганын билдирди. Өкмөт өкүлдөрү ракеталык соккулар токтотулмайынча, Палестина менен сүйлөшүүгө барбай турганын эскертти.

Газа тилкесинде миңден ашуун жайкын тургундун өмүрүн кыйган салгылашуу 8-июлдан бери уланып жатат. (SE)