Украина авиакомпаниялары Казакстанга Орусияны айланып учушууда

Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат агенттиги Казакстандын жарандык авиация комитетинин өкүлү Олег Авдеевге шилтеме кылып жазды.

Бул күнгө чейин алар Казакстанга Орусия аба мейкиндиги аркылуу учуп келишкен. Августтан тарта Москва украин авиакомпанияларына орус аба аймагы аркылуу Грузияга, Армения, Азербайжан, Түркияга транзиттик каттамдарды жасоого тыюу салган.

Казакстан боюнча расмий буйрук болгон эмес.

Казакстандын авиажүргүнчүлөр ассоциациясынын президенти Владимир Куропатенконун айтымында, эгер Орусия расмий түрдө тыюу салса Украина авиакомпаниялары каттамдардын билет баасын көтөрүүгө мажбур болот.

Бир күн мурда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Батыш авиакомпанияларынын Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу учуусуна тыюу салуу жагы каралып жатканын эскерткен. Европадан Азияга учкан авиакаттамдардын көбү «Транссибирь» аба жолу аркылуу өтөт.