Адвокат “Альфа Телеком” боюнча Жогорку сотко арызданды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан “Мегаком” байланыш операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасынын мурдагы жетекчилерине байланыштуу сот жараяны боюнча адвокат Икрамидин Айткулов Жогорку сотко арыз берди. Бул тууралуу адвокат өзү “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, буга чейин иште жаңы жагдайлар белгилүү болгонуна байланыштуу адвокаттын өтүнүчү менен райондук сот ишти кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Бирок кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарган. Мындан улам адвокат ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз жолдоду.

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевге жана анын кеңешчиси Алмазбек Абековго, ошондой эле “Новострой сервис” компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебекке ишканага ири өлчөмдө акчалай зыян келтирди деген айып менен 2012-жылы кылмыш иши козголгон. Учурда Мурзалиев жана Аман уулу Кенжебек үй камагында, ал эми Абеков УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Соттолуучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (BkA)