Космосту багынтууга кыргыздар да катышкан

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тарыхта космоско көтөрүлгөн биринчи адам – Юрий Гагариндин учканына 53 жыл болду. Эбегейсиз космосту өздөштүрүүгө Кыргызстандын да салымы бар. Мисалы: Айдан топурак алып келген бургулоочу аспапты кыргыз окумуштуулары ойлоп тапкан. Венера планетасын жана Галилиео кометасын изилдөөгө да катышкан. Ал эми космонавттардын колдонуучу тамак-аштын айрымдарын профессор, маркум академик Арстанбек Алтымышев ойлоп тапкан.