"Чек ара" көйгөйү тууралуу тасма тарттым

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-мартта Чехияда жыл сайын өтүүчү “Бир дүйнө” кинофестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр сыйланып, көрүүчүлөр дүйнөнүн ар тарабындагы адилетсиздик, адам укуктары, жумушсуздук, жашоо-турмушту жакшыртууга болгон умтулуунун учкундарын көрө алышты. Кыргызстандагы аты окшош фестивалга тасмаларды тандаганы келген жаш режиссер Асел Жураева Прагадагы фестиваль, кыргыз даректүү тасмасындагы акыбал тууралуу ой бөлүштү.