Космосто суу табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эбегейсиз космос мейкиндигиндеги Жерден башка планеталарда суу бар деген божомолдор көп айтылып келет. Буга суунун үч формасынын (суюк, муз жана буу) түрдүү белгилеринин табылганы негиз берет. Илимпоздор 12-декабрда эки чоң ачылыш жасашты. Юпитердин Европа жана Сатурндун Титан жандоочторунда көлдөр, деңиздер ал тургай океандар табылганын Американын улуттук космос агенттиги – НАСА кабарлады.