Сабира Күмүшалиева - кыргыз театрынын Умай энеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл артисти Сабира Күмүшалиева тирүү болгондо 96 жашка чыкмак. Улуу актриса театр сахнасында жүзгө чукул ролдорду ойногон. Тасмадагы кайталангыс образдары жөнүндө айтсак, өзүнчө сөз. Ал эми үйдө кандай эне, кандай аял болгон? Кыргыз искусствосуна ат көтөргүс салым кошкон актриса жашаган үйгө кабарчыбыз Санжи Туйтунова барып келди.