Жалал-Абад: шаар мэри кызматтан кетти

Шаардын мэри Муктар Арапбаев өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Арапбаев 2013-жылдын февраль айынан бери бул кызматты аркалап келген. Ал шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан көрсөтүлгөн. Буга чейин шаардык оппозициялык фракциялар бир нече жолу Арапбаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөргөн болчу.

Эми шаардык кеңеш бир айдын ичинде жаңы мэрди тандап алышы керек.

Ага чейин премьер-министрдин буйругу менен Жалал-Абаддын мэринин милдетин аткаруучу болуп Салайдин Авазов дайындалды. Ал бүгүн мэриянын аппаратына тааныштырылды. Авазов буга чейин "Электр станциялар" ишканасынын башкы директору болуп иштеген.(RsK/BkA)