Үч-Коргон ГЭСинен Казакстанга суу бериле баштады

Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 1-августтан тарта аталган суу сактагычтан Казакстанга секундуна 350 куб.метрден суу коё берилип жатат. Бул эки өлкөнүн өкмөттөрү өткөн айда Чолпон-Атада кабыл алган протоколдун негизинде ишке ашырылууда. Суунун ордуна казак тарап быйыл күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга электр энергиясын кайтарып бермекчи.

Кыргызстанда быйыл суунун тартыштыгына байланыштуу өкмөт күз-кыш мезгилинде 500 миллиондон 1 млрд. кВт/ саатка чейин электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну Казакстандан суранган. Казакстан болсо 500 миллион кВт/саат электр энергиясын берүүгө макул болгон.(BkA)