Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги маалымат жыйынынын жүрүшүндө Израилдин желегин айрыды. Ал муну “Газа тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу ушундай кадамга бардым”,- деп түшүндүрдү.
Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда палестиналыктарга жардам көрсөтүү боюнча комитет түзүлдү. Комитет Газадагы палестиналыктарга гуманитардык жардам чогултуп, жөнөтүүнү уюштурмакчы. Бул комитетке диний активисттер, Жогорку Кеңештин 3-4 депутаты мүчө болуп киргенин кошумчалады.
Диний активисттер буга чейин да үч жолу Израил бийлигине каршы акция өткөрүшкөн.
8-июлдан бери Газа тилкесинде Израил армиясы палестиндердин ХАМАС кыймылына каршы операция жүргүзүп жатат. БУУнун эсептөөлөрү боюнча, бул операция жүрүшүндө 1300гө жакын палестиналык жана 50дөн ашык израил жараны набыт болду.(BkA)