Аскар Акаев Кыргызстанга келиши мүмкүн

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев агасы кайтыш болгонуна байланыштуу Бишкекке келиши ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Акаевдин жакын адамдары кабарлашты. Алардын айтымында, 3-августта каза болгон агасына топурак салуу үчүн бүгүн же эртең келиши мүмкүн. Учурда анын келишин уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Президенттин агасы Болот Акаев 81 жаш курагында көз жумган. Ал убагында авиация тармагында иштегендердин кесиптик кошунун жетектеген.(BkA)