4-август күнү Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16...21, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30 градус болот.