Абхазиянын Борбордук банкынын жетекчилери каза болду

Абхазиянын Борбордук банкынын жетекчиси Илларион Аргун жана банктын коопсуздук кызматынын башчысы Жейран Кирвалоглы жума күнү кырсыктан каза табышты.

“Азаттыктын” орус кызматы милициянын маалыматына таянып, алар бараткан унаа белгисиз жагдайда өрттөнүп кеткенин билдирди. Машиненин эшиктери кулпуланып, ичиндегилер түтүнгө ууланып мерт кеткени кабарланууда. Окуя Псоу-Сухуми жолунда, Жогорку Эшера айылына жакын жерде болгон. Кырсыктын себептерди иликтенүүдө. (SE)