Айзада Марат кызы: Сөзсүз кайтып келем

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айзада кыргыз ЖОЖдорундагы эң жаш кадрлардын бири. Ал окуу жайга келгенден тарта эле мурдатан калыптанган терс стереотиптерди сындырып, билим берүүгө жаңы дем, жигер кошууну максат кылган. Учурда Айзада АКШдагы Гарвард университетинен билимин жогорулатканы баратат. 2,5 жыл мурдагы максаттарынын дээрлик ишке ашканына каниет кылган жаш кыз “Азыркы кыргызстандыктын” коногу.